БИШКЕК. Бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде 2003-жылдын экинчи кварталы боюнча уюмдун отчету бекитилип, ушул жылдын август айынан 2004-жылдын июль айына чейинки иш-пландардын багыттары каралды. Жыйында коалициянын директорлор кеңешинин төрагалыгына Өкүмбай Атабаев шайланды. Мындан ары коалиция тарабынан чыгарылган «Демократ» гезити айына эки жолу чыгат.