Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

ОРТО АЗИЯ ПРЕЗИДЕНТТЕРИНИН ТАКТЫДАН КЕТЭЭР ТҮРҮ ЖОК. АСКАР АКАЕВЧИ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек http://gdb.rferl.org/F227D663-3E96-4EEE-9E0E-0FFF3252F86C_w203.jpg Брюсселдеги Кризистерди жоюу боюнча эл аралык топ Орто Азиядагы саясий кырдаал туурасында иликтөө жасап келет. Бул бейөкмөт уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ош шаарында 1999-жылы ачылган. Кризистердин алдын алуу боюнча топтун кезектеги иликтөөсү боюнча, дүйнөлүк коомчулуктагы өзгөрүүлөр Орто Азиядагы мамлекеттик бийликтин жашарышын талап кылууда. Бул топтун баамында Орто Азия мамлекеттеринде бийлик алмашуу коомдогу башаламандык жана зордук-зомбулук менен коштолуп калуу коркунучу бар. «Тактыга жаңы адам отурган күндө да, кептин баары бийлик алмашуу тынч, мыйзам жолунда ишке ашаар-ашпасында» дешет байкоочулар.

Кризистерди жоюу боюнча эл аралык топтун докладында Орто Азия мамлекеттеринде болуп аткан саясий кризис, коррупция, адам укугунун бузулушу, чакан жана орто бизнести мурунтуктап аткан жагдайлар тууралуу учкай айтылган. Кыргызстандын президенти коңшуларына караганда өз өлкөсүндө салыштырмалуу либералдуу маанай түзө алды делет. Бирок, көп учурда айтылган сөздөрү элдин турмушуна коошпой, дал келбей келатканы жазылган. Эл аралык топтун байкоосуна караганда, Орто Азия мамлекеттеринин баарында тең коррупция бийликтин эң бийик тепкичтерине чейин жойлоп кеткен. «Бул өлкөлөрдө мамлекеттик кызматтар акчага сатылган учурлар арбын. Кызмат ордун акчага сатып алган губернатор же салык инспектору жанталаша баштайт. Ал берген акчасынын ордун өлкөдө кадрдык алмашуу болуп кеткиче толтуруп алыш үчүн жанын сабайт» деп жазылат докладда. Бир кезде Аскар Акаев өзү деле «коррупция Өкмөт Үйүнүн 7-кабатына чыкканын» моюнга алган. Кыргызстанда «Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Кыргыз бийлиги Абийирдүү башкаруу боюнча улуттук кеңешти, эки күн мурда Коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттикти түздү. Бирок, мындай далалаттар азырынча реалдуу турмушта жемишин бере элек.

Докладда Орто Азиядагы жаш саясий лидерлер өзгөрүүлөргө камданып, өз кезегин күтүп атканы айтылыптыр. Иликтөөчүлөр «Орто Азия өлкөлөрүндө мурдагы муун менен эмки муундун дүйнө кабылдоосунда, билиминде жана саясий түшүнүктөрүндө чоң ажырым бар» деп санашат. «Бул өлкөлөрдө 90-жылдары бийликке эски компартиялык кызматкерлер келген, алар бат эле кубулуп, ооз жүзүндө демократ болуп чыга келишти» деп жазышат алар.

Эл аралык топтун ырастаганына караганда, эгемендик алган 12 жыл бою бул региондогу бир да мамлекетте бийлик алмашкан жок. Президент И. Каримов 1989-жылдан бери, президент А.Акаев 1990-жылдан тартып өлкө башында. Ал эми Түркмөнбашы болсо 1986-жылдан бери отурган тактысына өмүр бою отурганы калды көрүнөт. 14 жылдан бери мамлекет башында турган Нурсултан Назарбаевдин да бийлик башынан кетейин деген түрү байкалбайт. Бул докладында эл аралык топ «бул президенттер бийликке келген заман башка болчу, эмки жаңы милдеттер жаңы муундагы жетекчилерди талап кылууда» деп жазды.

Кыргызстандын президенти башкалардан айырмаланып, коңшу өлкөлөрдүн башчыларынын биринин да оозунан чыкпаган сөздү айткан. Мындан эки жыл мурда ЕККУга Венага барганда эл аралык коомчулуктун көзүнчө Аскар Акаев 2005-жылы бийликтен кетээрин кабарлаган. Андан кийин да бир-эки жолу ушу сөзүн кайталады. Кризистерди жоюу боюнча эл аралык топ бийлик алмашчу мезгил келгенин жазат, бирок бийлик кийинки президентке тынч, мыйзамдуу жол менен гана өтүшү керек деп эсептейт. Ал Орто Азия мамлекеттериндеги ыктымал бийлик алмашуу коомдо башаламандык жана зордук-зомбулук менен коштолуу коркунучу бар экенин эскертет. Быйыл 3-июнда Бишкекке келген Жорж Сорос да «Орто Азия мамлекеттеринде саясий кырдаал кескин начарлайт» деп, өз божомолун ортого салды.

Кыргыз журтчулугунда Эл аралык топтун сереби менен макул болгон пикирлер арбын. Укук коргоочу Турсунбек Акун «Кыргызстанга жаңыча ойлонгон жетекчилер келиши керек» деп эсептейт.

- Орто Азия президенттеринин отурганына 13-15 жыл болуп кетти. Өткөн кылымда булар мамлекетке керек болчу. Азыр булардын мамлекет үчүн кереги жок. 11-сентябрдагы АКШдагы окуядан кийин дүйнөлүк коомчулуктагы тартип, саясат өзгөрдү. Көп тил билген, терең билимдүү, жаңы көз караштагы жаштар келиши керек. Булардын бийликте узак отурганынан коррупция өсүп, мамлекет алдыга эмес, артка жылууда. Аскар Акаев башкалардан айырмаланып «кетем» деди. Эми айткан сөзүнө туруп, цивилизациялуу жол менен, башка бирөөгө бийликти тынч өткөрүп берсин, - дейт Турсунбек Акун.

«Республика» гезитинде Замира Сыдыкова «Аскар Акаевдин келерки президентке тактыны бошотуп берээрине 866 күн калды» деп жазып чыкты. «Ал «Манастын» 1000 жылдыгын, Бишкектин 125 жылдыгын, Оштун 3000 жылдыгын санап атып, өз мөөнөтүнүн эсебинен жаңылып калбасын» деп какшыктап жазган Замира айымдын пикиринде, Аскар Акаев Орто Азиядагы башка президенттерге үлгү болушу керек.

- Эл аралык кризисти жоюу уюмунун бул иликтөөсү олуттуу божомол экен. Орто Азия президенттери, анын ичинде Кыргызстандын мамлекет башчысы жакынкы жылдары бийликтен кетпей, дагы эле мөөнөтүн узартууга далалаттанышса, алар өз өлкөлөрүн жакшылыкка алып келбейт. Бул бүтүм менен макулмун. Жорж Сорос Бишкекке келгенде «Кыргызстанда караниет күчтөр бар, ошол күчтөр мамлекетти туура эмес жолго түртүп атат» деп айтты. Ошто май айында жаштардын тобу Аскар Акаевди ордунда дагы он жылга калтыруу демилгеси менен чыкпадыбы! Менимче Сорос айткан «караниет күчтөр» ушундай демилгелерди уюштуруп атышат. Аскар Акаев «кетем» дебедиби. Ошол айтканына менин жана башкалардын ишенгени маанилүү эмес, кептин баары ошол сөзүнө өзү ишениши керек. Кыргызстандын келечеги үчүн ал эмки шайлоого өз талапкерлигин койбой, башкалар мыйзамдуу жол менен ат салышышы үчүн шарт түзүп бергени оң. Акаев мырза ушуну аткарып, Орто Азияда үлгү болуп, өзү биринчи болгонду жактырат эмеспи, биринчи ушундай демократияны жактаган президент болуп, тарыхта калсын, - дейт Замира Сыдыкова.

Айрым жергиликтүү байкоочулардын баамында Кыргызстандагы абал коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу дурус. Бирок, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаковдун пикиринде, эл аралык уюмдардын айрым бир ушундай сунуштарын эстей жүргөн дурус:

- Мындай уюмдар классикалык демократия принциптеринин негизинде бир топ сунуштарды айтып келатышат. Баарын эле уга бергенге болбойт. Бирок, арасында эске алчу жерлери бар. Жалпысынан салыштырганда Кыргызстанда коңшулаш айрым өлкөлөргө караганда абал дурусураак. Эми «бийлик алмашышы керек» дегенинин жөнү мында. Орто Азия мамлекеттеринде акыркы кезде мөөнөтүн узартып алуу адатка айланып баратканынан улам да ушул жыйынтыкка келип атышса керек. Бирок, ар бир мамлекеттин жөнү башка да.

Эл аралык топтун серебинде Кыргызстанда эркин басма сөз каражаттары куугунтук жеп, Аскар Акаевдин башкы саясий атаандашы Феликс Кулов дале түрмөдө отурганы, адам укугу тепселип атканы жазылган. «Репрессиялык мүнөздөгү бийликтен коркконунан эл ага ак да дебей, көк да дебей баш ийгенге аргасыз» деп жазышат эл аралык байкоочулар. Укук коргоо органдарына мүнөздүү болуп калган токмоктоо, зомбулук көрсөтүү фактыларынан улам карапайым калк да, бизнесмендер да кайрылаар жөнү болгон күндө да алардан алыс болууну оң көрүшөт. Иликтөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда орун алган мындай көрүнүштөр чоң инвесторлорду да качырууда. Инвесторлор бул өлкөлөрдө узак убакытка иштөөгө кепилдиктер жок экенин түшүнүшөт.

XS
SM
MD
LG