Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кыргызстандын өкүлүнө Өзбекстандын нааразылыгын орусиялык маалымат агенттиги жазып чыкты


БИШКЕК. Орусиялык «Новости» маалымат агенттиги бүгүн «Кыргызстандын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Ташкенде өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиянын 5-отурумунун жыйынтыктары тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгын» билдирди. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берген агенттик «Базарбай Мамбетов өкмөт аралык комиссиянын отурумунда макулдашылбаган маселелерди «макулдашылды» деп билдирген» деп жазып чыкты. Агенттиктин кабары боюнча, автожүк ташуу, газ чыгуучу кендер, темир жол аркылуу транзиттик жүк ташууда ички тарифтерди колдонуу боюнча макулдашуу болгон эмес. «Маселени тактап берүүсүн өтүнүп 14-июлда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды», деп кабарлайт «Новости» агенттиги. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул иш тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов менен байланышып, анын пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG