Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Ирандын бийлиги чет өлкөлүк журналисттин таяктоодон каза болгондугун ырастады


Ирандын бийлиги июнь айында камакка алынган канадалык журналист аял түрмөдө таяк жегенден каза болгондугун мойнуна алды. Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Мохаммад Али Абтахи билдирди. Анын айтымында, иликтөө 54 жаштагы Захра Каземинин таяк жеп, мээсине кан куюлуудан каза болгондугун тастыктаган. Захра Каземи Иранда туруп, ал жердеги нааразылык демонстрациялары тууралуу маалыматтарды Канадага берип турган. Ал өлгөндөн кийин Канада анын сөөгүн берүүнү жана чатак катуу болорун эскерткенден кийин гана Иран иликтөө жүргүзүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG