Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

КЫТАЙ АКШ МЕНЕН ТҮНДҮК КОРЕЯГА СҮЙЛӨШҮҮНҮН ЖАҢЫ ФОРМАТЫН СУНУШ КЫЛУУДА


АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк курал жасоо үчүн жетиштүү өлчөмдө плутоний өндүргөнү жөнүндөгү маалыматтар терең тынчызданууларды жаратканын белгилөөдө. Бирок, Кошмо Штаттар, алардын өнөктөштөрү да Пхеньяндын жогорудагыдай билдирүүсүнүн чын–төгүнүн азырынча ырастай албайт. Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы менен Кытайдын тышкы иштер министри Түндүк Корея маселесин телефон сүйлөшүүсүндө талкуулады. Мунун алдында Пекиндин өкүлү кытай президентинин катын Пхеньянга жеткирип келген эле.

Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан азыркы проблемалардын түйүнү аны бул жолдон айнытуу үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөргө көндүрүү маселесинде жатат. АКШнын пикиринде, Пхеньяндын өзөктүк курал программасы бүткүл чөлкөмгө коркунуч туудургандыктан, сүйлөшүүлөргө анын коңшулары да тартылышы керек. Ал эми Түндүк Кореянын ырастоосунда, ал өзөктүк куралга АКШнын ыктымал болуучу агрессиясынан гана кооптонуп ээлик кылууда, демек талаш эки тараптын ортосундагы талкууларда гана чечилиши зарыл. Жогорудагыдай пикир–келишпестиктерден улам тараптар азыркы кризис тутанган былтыр күздөн бери натыйжалуу сүйлөшүү жүргүзө албай келишүүдө. Быйыл апрель айында, Пекинде Кытай, АКШ жана Түндүк Корея дипломаттарынын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өтүп, бирок жыйынтыксыз аяктаган болчу. Анда Түндүк Кореянын өкүлдөрү эгер АКШ дипломатиялык чегинүү жасап, олуттуу экономикалык жардам көргөзсө гана алар өзөктүк курал программасынан баш тартaарын билдиришкен. Албетте, Вашингтон мындай талапты четке каккан эле.

Эми Кытайдын өкүлүнүн өлкө президенти Ху Цзиньтаонун катын алып, Пхеньянга барып келишин Пекиндин сүйлөшүүлөрдү уюштуруу багытындагы жаңы аракети катары кароого болот. Маалыматтар боюнча кытай тышкы иштер министринин орун басары Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен жолугуп кайткан. Америкалык "Нью-Йорк Таймс "гезитинин батыш дипломаттарына шилтеме берип жазганына караганда, Пекиндин азыркы сунушу көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында АКШ менен Түндүк Кореянын эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүсүн карайт. Кытайдын тышкы иштер министрлигин өкүлү Конг Цзюан өз өлкөсүнүн максаты тууралуу Пекиндеги басма сөз жыйынында мындай деди:

- Кытайдын өкмөтү такай тынчтык сакталыш керек, Корей жарым аралында өзөктүк курал пайда болуусу алдын алынышы керек деген турумда.Биз Түндүк Кореянын өзөктүк куралына, өз коопсуздугу үчүн тынчыздануусуна байланышкан маселелер да тынч, диалог жолу менен чечилиш керек деген бекем ишенимдебиз.

Азырынча АКШ да, Пхеньян да Пекиндин сунуштарын комментарийлей элек. Белгилеп кетчи жагдай, Кытайдын азыркы демилгеси Түндүк Кореянын өзөктүк бомба жасоо үчүн жетиштүү өлчөмдө плутоний өндүргөнү жөнүндө маалыматтарын улай жасалып олтурат. Бул тууралуу Түндүк Кореянын БУУдагы дипломаттары өткөн аптада АКШнын өкүлдөрүнө кабарлашкан экен. Ак үйдүн басма сөз катчысы Скот МакКлеллан белгилегендей, Түндүк Кореянын плутоний өндүрүлгөнү жөнүндөгү маалыматтары терең тынчызданууларды жаратты, бирок Вашингтон ушу тапта анын чын–төгүнүн ырастай албайт. Пхеньяндын алдында мурдагыдай эле эки жол бар:

- Түндүк Корея эки тандоонун алдында турат. Алар аракеттери жана сөздөрү менен өздөрүн өзү изоляциялоону уланта алат же өзөктүк куралдар программасын токтотууга көнүп, көп тараптуу сүйлөшүүлөргө катышуу менен эл аралык коомчулук тарабынан берилиши мүмкүн болгон жардамга жол ача алат.

Скот МакКеллан Вашингтондогу басма сөз жыйынында АКШ Түндүк Корея кризисин тынчтык жана дипломатиялык жол менен гана чечүү ниетинде экенин, бул багытта Кытай, Жапония, Түштүк Корея бирге иштээрин кошумчалады. Кытайдын "Синьхуа" агенттигин кабарына караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин Түндүк Корея маселесин шаршембидеги телефон сүйлөшүүсүндө талкуулашкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG