21 жаштагы Адыл Үркүмбаев Ош областынын Кара-суу шаарынын жака-белиндеги чек ара бекетинде набыт болду. Кыргыз өкмөтү бүгүн маалымдагандай,Үркүмбаев кечээ кечинде үч айылдашы менен кыргыз-өзбек чек арасын бойлоп өзөнгө көпүрө куруу сунушу менен Өзбекстандын аймагына өтүп, өзбек чек арачыларына сүйлөшкөнү барышкан. Ортодо чыр чыгып, өзбек чек арачыларынын бири Үркүмбаевди атып салган.
Кыргызстандын вице-премьер министри Базарбай Мамбетов буларды билдирди.
- Ушул тапта ушул өзбек чек ара бекетинин аты аныктала элек аскер кызматкери Калашников автоматынан Кыргыз республикасынын карапайым жашоочуларына ок ачкан.
ЭККУ уюму бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүн чек ара маселелеринде жакындан кызматташууга чакырды.