Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

АСКАР АКАЕВ: «КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ МАГА ЖАҢЫ МӨӨНӨТКӨ МАНДАТ БЕРБЕЙТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек. Ошентип көптөн бери коомчулуктун көңүлүн бурдуртуп келген Өнөктөштүк форуму же төртүнчү жолку тегерек стол өз ишин аяктады. Ага көпчүлүк оппозиция өкүлдөрү чакырылбагандыктан, жыйын учурунда анчалык талаш-тартыштуу жагдайлар жаралган жок. Форумда мамлекет башчысы Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоодо талапкердигин койбостугун, ага Конституциянын жаңы редакциясы жол бербей турганын дагы бир жолу ачыктады. Ал бийлик өкүлдөрүнүн журналисттер менен соттошуусуна каршы эместигин билдирип, ошондой эле президент Феликс Кулов саясый жагдайдан улам абакта жатпаганы тууралуу пикирин да баса айтты. Бирок, президенттин ойлору менен макул болбогондор да аз эмес.

Ишембиде өткөрүлгөн бул "Өнөктөштүк форумга" катышкан президент Аскар Акаев айрым олуттуу маселелер боюнча өз оюн корутунду сөзүндө ачыктады. Тактап айтканда, ал 4 маселе боюнча оюн ачык билдирди. Биринчиси, мамлекет башчысы өзүнүн 2005-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна Конституциянын жаңы редакциясы жол бербестигин, буга байланыштуу Баш мыйзамда кандай жобо жазылса, аны дал ошондой катуу карманаарын ачык айтты:

- Мен буга чейин эки жолу бул суроого ачык жана так жооп бергемин. Конституциянын жаңы редакциясында мага жаңы мандат берилбестиги ачык жазылган. Ошондуктан, келгиле, буга акыркы чекитти койолу. Дагы кошумчалап кетээрим - 2005-жылкы президенттик шайлоо Конституциянын жаңы редакциясынын талабына ылайык, демократиялык принциптер катуу сакталуу менен өткөрүлөт.

Экинчиден, Аскар Акаев алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоо Баш мыйзамдын жаңы редакциясында белгиленген күндө өтөөрүн, айрым саясатчылар айтып жаткандай мөөнөтүнөн мурда эч качан шайлоо болбостугун билдирди:

- Парламенттик жана президенттик шайлоо убактысы Конституциянын жаңы редакциясында кайсыл күн көргөзүлсө, так ошол күнү өткөрүлөт. Ал эми айрым саясатчылардын элдин көңүлүн алагды кылуу үчүн “шайлоо өз убагынан эрте өтөт” дегени эч кандай чындыкка дал келбейт.

Үчүнчүсү, абактагы саясатчы, мурдагы вице-президент, “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловго байланыштуу болду. Аскар Акаевдин ырастоосуна караганда, Куловдун абакта жатканы анын саясый ишмердигине байланыштуу эмес, анын жасаган кылмыш иштерине байланыштуу болгон:

- Феликс Куловго байланыштуу кылмыш иши ал оппозициячыл саясатчыга айлана электе, ал мамлекеттик жогорку кызматта иштеп жүргөн учурда, тактап айтканда, ал Улуттук коопсуздук кызматын жана Бишкек шаарын башкарып турган учурда эле козголгон болчу. Азыр мени бул ишти саясый иш катары кароого жана Куловдун пайдасы үчүн кандайдыр бир чечим кабыл алууга чакырып, кайрылып жатышат. Мен анын ишин саясатка такап жаткандарга таптакыр макул эместигимди билдирем.

Төртүнчү маселе, президент бийлик өкүлдөрүнүн маалымат каражаттары менен соттошуп келгенин туура деп санаарын, журналист Кубан Мамбеталиевдин “соттошоор алдында бийлик өкүлдөрү кызматынан чегинип, өзүнүн актыгын далилдешсин” деген пикирин четке кагаарын айтты.

Президент шайлоого катышууга Баш мыйзам жол бербестиги тууралуу айтканын саясатчылар ар түрлүү кабыл алышты. Форумдун бир катар катышуучулары мамлекет башчысынын мындай пикирин ачык колдошкону менен, сураштыра келгенде өз оюн айтуудан баш тартып жатышты. Кыргызстан Демократиялык аялдар партиясынын жетекчиси Токон Шайлиева ал тууралуу пикирин бир жылдан кийин айтаарын билдирди:

- Мен бул тууралуу азыр айтпайм, бир жылдан кийин айтып берем.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев президент шайлоого барбайм дегенине ишендим дейт:

- Бүгүн ал ачык эле барбайм деди. Мен ага бүгүн ишендим.

Форумдун учурунда айрым кайым айтышууларды, акыйлашууларды эсепке албаганда, негизинен бүгүнкү жыйын тынч мүнөздө өттү. Бирок, ага карабай, анын ишине ар түрлүү баа бергендерге күбө болдук. Алсак, Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүнкү жыйын дагы кененирээк форматта өткөрүлсө дурус болоор эле деген пикирин айтты:

- Ушуну менен төртүнчү жолу өтүп жатат. Мен башкачараак өтсө, кененирээк болсо деген ойдо элем. Анан жыйынтыгы жаман болгон жок. Мага айрыкча президенттин кириш сөзү менен корутунду сөзү жакты. Анда көп ойлоно турган, талдай турган жагдайлар бар. Өткөн жылдагыга караганда президент бул жолу катуу даярданып, иштиктүү кырдаалда келген.

Ал эми 1-вице-премьер министр Курманбек Осмонов Форум аябай дурус өткөнүн жана анын 22-июлда Евробиримдиктин алдында болуучу Кыргызстандын отчетуна эч байланышы жоктугун билдирди:

- Форумдун жыйынтыгы жакшы деп айтсам болот. Мына форумдун аягында жалпы төрт тараптын өкүлдөрү менен бирге иштелип чыккан Декларация кабыл алынды. Анда коомдогу бардык саясый күчтөр, бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик бийлик жана массалык маалымат каражаттары баарыбыз бир пикирге жетишкендей болдук. Анан дагы кошумчалааарым, бул форум Евробиримдикте Кыргызстандын маселеси коюлаардан бир канча мурун белгиленген. Анын үстүнө бул биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок, жылда эле өткөрүлүп жатат. Евробиримдикте карала турган маселе башка.

Бирок, айрым оппозициячыл саясатчылар, анын ичинде форумга чакырылбаса да, өз бетинче келип, баштан аяк катышып отурган укук коргоочу Турсунбек Акун жолугушуунун жыйынтыгына ыраазы эмес экенин жашырбады:

- Эми былтыркыга караганда өтө начар өттү. Былтыркы Тегерек столдон бери эч кандай жыйынтык болгон жок. Куловго байланыштуу да президент туура эмес сөздөрдү айтты. Анын камалышы саясый жактан эмес, кылмыш ишине байланыштуу камалган деген мааниде айтты.

Ошентип көптөн бери коомчулуктун көңүлүн бурдуртуп келген Өнөктөштүк форуму өз ишин жыйынтыктады. Айрым байкоочулардын ырастоосуна караганда, форум бийлик каалагандай өттү. Кайчы пикирлер аз болду. Өнөктөштүк форумунда талкууланган маселелер канчалык деңгээлде аткарылат, аны келечек көргөзөөр. Ал эми оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн Курултайын өткөрүү менен алектенүүдө.

Айрым эксперттердин бышыктоосуна караганда, бийлик бул форумду өткөрүү менен өткөн жылкы Аксы окуясынан кийин төмөндөп кеткен позициясын дагы бир жолу чыңдап алгандай болду. Бирок, форумга чакырылбаган жана ага бойкот жарыялаган саясатчылар да бар экендиги саясий күрөш жаңы деңгээлде улантылаарынан кабар бергенсийт.

XS
SM
MD
LG