Казакстандын аба-космостук агенттиги Астанада Орусия менен Казакстандын расмий өкүлдөрү "Байкоңур" космодромунун келечегин талкуулап жатышканын ырастады. Агенттиктин өкүлү Мейирбек Молдабеков Москва Байкоңурду дагы 50 жылга ижарага алуу ниетин билдиргенин маалымдады. Азыркы келишимдер боюнча, Орусия Советтер доорунда Казакстанда курулган космодромду 2014-жылга чейин пайдаланууга укуктуу. Молдабековдун айтымында, казак тарап Москванын пландарын колдоого кызыкдар, а балким, Байкоңурдун азыркы жылына 115 млн долларлык ижара акысы да бир аз азайтылышы мүмкүн.
Венера Сагындык кызы, Прага
Венера Сагындык кызы, Прага