Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Бүгүн Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине дагы бир жолу кат жолдоду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, катта Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өткөн Баткен-Ош жолу менен каттаган кыргыз жарандарына карата өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттери токтобой жатканы эскертилген. Муну менен өзбек тарап Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн 2000-жылдын 2-июлундагы эки өлкөнүн жарандарын чек арадан өткөрүү тууралуу келишимин одоно түрдө бузуп жатканы белгиленген. Ошондой эле Баткен облусуна иш сапары менен келип жаткан чет өлкөлүк жарандарды да өзбек чек арачылары Өзбекстанга кирүүгө визасы жоктугун шылтоолоп, эптеп акча өндүрүү максатында узакка кармап жатышканы көрсөтүлгөн. Буга мисал катары 15-июль күнү Баткенге иш сапары менен келаткан Франциянын атуулу, илимий кызматкер Корнет Жонду өзбек чек арачылары ушундай себеп менен бир нече саат кармап, тиешелүү акчасын алган соң гана чек ара бекетинен өткөрүшкөнү жазылган. Ал эми каттын соңунда Фергана облусунун жетекчилигине өзбек чек арачыларынын мындай мыйзамсыз аракеттерин тез арада тыюу талабы коюлуп, эгер мындан жыйынтык чыкпаса кыргыз тарап да тиешелүү чара көрүүгө аргасыз болоору эскертилген.

XS
SM
MD
LG