БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун мүчөсү болгон айрым өлкөлөрдө азыр Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо боюнча ЕККУ менен биргелешип түзүлгөн программанын жетинчи бөлүгү талкууланууда. Маселен, мындай талкуулар Голландияда, Азербайжанда, Казакстанда өттү. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова маалымдады. Программанын бул долбоорунда чыр-чатактарды токтотуу жана башаламандыктардын алдын алуу максатында Ички иштер министрлигинин алдында атайын бөлүктөрдү түзүү каралган. Кыргызстандагы «Жарандык коом коррупцияга каршы», «Интербилим» сыңары бир катар бейөкмөт уюмдар азыр жер-жерлерде бул долбоор боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүшүүдө. Алардын пикиринде, долбоор aтуулдар митинг, пикеттерге чыгууга болгон укуктарын чектейт.
Бейөкмөт уюмдар «Ички иштер органдарын реформалоо» программасынын жетинчи бөлүгүнө каршы иш жүргүзүп атышат