Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Бүрсүгүнү Дүйнөлүк Соода Уюму боюнча өкмөттүк комиссиянын семинары өтөт


БИШКЕК. 28-29-июлда Бишкекте «Дүйнөлүк Соода Уюму боюнча кыргыз өкмөтүнүн алдындагы ведомство аралык комиссия: анын ролу жана милдеттери» деген темада семинар өтөт. Дүйнөлүк Соода Уюму боюнча ведомство аралык комиссия быйыл 23-июнда түзүлгөн жана бул анын алгачкы жыйыны болмокчу. Семинарда ведомство аралык комиссия менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык боюнча маселелер талкууланып, кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгын Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында колдоонун жолдору каралат. Андан тышкары, семинарда ведомство аралык комиссиянын жаңы курамына Дүйнөлүк Соода Уюмунун ролу жана иши тууралуу кенен маалыматтар берилет. Семинарда тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбеков, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин, бизнес чөйрөсүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөшү күтүлөт. Жыйынды «Прагма» корпорациясынын «Соода жана инвестиция тартууну жакшыртуу» долбоору жана «Билим аркылуу өнүгүү» академиясы уюштурууда.

XS
SM
MD
LG