Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:44

Иракта бир күндө АКШнын беш аскери өлтүрүлдү


Иракта бүгүн гранатанын жарылуусунан АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн бир жоокери набыт, дагы бирөөсү жарадар болду. Ушуну менен акыркы 24 саатта американын беш жоокери Ирактагы белгисиз күчтөрдүн чабуулунан каза тапты. Акыркы кол салуу кандай шартта болгону тууралуу маалымат айтыла элек. Саддам Хусейиндин уулдары Удай менен Кусай өлтүрүлгөндөн бери Иракта АКШнын 10, ал эми президент Жорж Буш май айынын башында согуш аяктаганын жарыялагандан бери 49 аскери душман колунан ажал тапты.
XS
SM
MD
LG