Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Дүйнөлүк соода уюму боюнча семинар


БИШКЕК. 28-июлда Бишкекте «Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дүйнөлүк соода уюму боюнча мекемелер аралык комиссия: анын ролу жана милдеттери» деген темада эларалык семинар башталды. Аны «Прагма» корпорациясынын «Соода жана инвестиция тартууну жакшыртуу» долбоору жана «Билим аркылуу өнүгүү» академиясы уюштурушту. Семинарга АКШнын жана Кыргызстандын ишкерлери, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш чараны тышкы соода жана өнөржай министри Садридин Жээнбеков ачып, Кыргызстандын соода байланыштары тууралуу кеңири маалыматтарды берди. Ал, ведомстук аралык комиссия менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү зарыл экендигин белгиледи. «Прагма» корпорациясынын жетекчиси Келли Сейбольт Дүйнөлүк соода уюмунун ролу жана анын иши тууралуу айтып берди. Семинар ишин 29-июлда улантат.

XS
SM
MD
LG