Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Либерияда жарандык согуш күчөп баратат


Либериянын президент Чарльз Тейлорду жактаган аскер күчтөрү өлкөдөгү экинчи чоң шаар - Бьюкененден төңкөрүшчүлөрдү айдап чыгууга аракеттенип жатат. Төңкөрүшчүлөр деңиз жээгиндеги эң маанилүү порт шаарын кечээ ээлеп алышкан эле. Батыш Африкадагы бул өлкөдө кырдаалды жөнгө салуу маселесин бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уолтер Канстайнер аймактагы мамлекет башчылары менен талкуулайт. Анда абалды жөнгө салуучу чет элдик бейпилдик күчтөрдү Либерияда жайгаштыруу мөөнөтү такталат. Ал эми азыр бул аймактагы деңиз жээктерине АКШнын сууда жүрүүчү аскер күчтөрү сырттан көзөмөл салып жатышат.

XS
SM
MD
LG