Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Соңку эки күндөн бери Орусиянын аскерлери менен милициясына Чеченстанга коңшу республикалардан да кол салынды


Кечээ кечинде Ингушетиядагы жарылуудан беш аскер кызматчысы каза таап, бирөөсү жаракат алды. Күчтүү жардыруучу зат жолго көмүлгөн экен. Ал эми бүгүн ингуш – чечен чек арасындагы көзөмөл бекетине кол салынганда, эки милиция кызматкери жаракат алган. Дүйшөмбү күнү болсо Дагестанда милициянын антитеррордук бөлүгүнүн капитанын өз үйүнүн жанынан атып кетишкен. Чеченстандын Дышне-Ведено кыштагындагы бүгүнкү жардыруудан бир жоокер жаракат алды. Орус аскерлери Алхан-Хутор деген кыштактын жанындагы уруштарда эки козголоңчу өлтүрүлүп, үчөөсү туткундалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG