Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп баратат


Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп баратат

Ливандын өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын Копсуздук Кеңешине кайрылып, Израилдин аскерий учактарынын Ливандын аймагына учуп кирүүсүн токтотууну суранды. Бүгүн эртең менен Израилдин аскерий учагы Ливандын борбору Бейрут шаарынын үстүнөн учуп өткөн эле. Бул окуя жекшембиде премьер-министр Ариэль Шарон өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, Ливанддагы "Хезболла" уюму жөөттөрдүн Шломи шаарын аткылоосун талкуулагандан кийин болду. "Хезболланын" ал күнкү аткылоосунан бир жөөт өлүп, төртөө жарадар болгон. "Израил Сирияга каршы аскерий операция жасашы мүмкүн", - деп билдирди жөөт өкмөтүнүн коргоо министринин орун басары Зеев Боим. Бул акция Сирия аймагындагы "Хезболла" уюмунун Израилдин түндүк аймактарын аткылоосуна жооп иретинде жасалышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG