Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Кыргыздардын курултайы Чолпонатада өтөт


БИШКЕК. Кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайы 28-30-августта Чолпоната шаарында өтөт. Мындай буйрукка өткөн апта аягында президент А. Акаев кол койгон. Уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, курултайга 300 делегат катышаары болжолдонууда. Алардын жарымынан көбү чет элде жашаган кыргыздар. Курултай кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын урматына өтүп, анда биринчи курултайдын чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы максаттар талкууланат. Биринчи курултай 1992-жылы Бишкекте өткөн.

XS
SM
MD
LG