Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44

Либерияга Бириккен Улуттардын атайын эксперттери келди.


Африкадагы Либерия мамлекетинин борбор калаасы Монровия шаарына бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттер тобу учуп келди. Алар өлкө турмушунун бардык тармактарын изилдеп чыгып, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши үчүн доклад даярдайт. Бир нече жылга уланган ич-ара согуштун натыйжасында, өлкө президенти Чарльз Тейлор өткөн аптанын башында кызматынан чегинип, Либериядан чыгып кеткен жана өлкөгө бир нече африкалык мамлекеттин бейпилдик күчтөрү киргизилген.

XS
SM
MD
LG