Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Ошто «тегерек үстөл» жыйыны өттү


ОШ. «Көп тилде билим берүү жана улуттук азчылык үчүн өзүнүн тилинде билим берүү» деп аталган долбоор боюнча үстүбүздөгү жылдын апрель айында швейцариялык «Симера», Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмдары биргелешип «тегерек үстөл» жыйынын өткөргөн. 21-августта облустук китепканада жыйынтык семинар болуп өттү. Анда долбоордун жетекчилери жана буга чейин көп тилдүү билим берүү мектептеринин, бала бакчаларынын педагогдору билим берүү системасындагы мындай жаңы багыттын артыкчылыктары тууралуу сөз кылышты. Көп тилдүү билим берүү кыргыз, орус, же өзбек, кыргыз класстары бар жалпы билим берүүчү мектептерде жүргүзүлөт да, балдардын бир эле убакта эки, же үч тилди үйрөнүүсүнө шарт түзөт. Долбоордун жетекчиси Биятрис Шулкер айымдын айтуусунда, мындай багыттагы билим берүү Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG