Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Италия өз аскерлерин Иракка бир жылга гана жиберген.


Италиянын коргоо министри Антонио Мартино Ирактагы италиялык аскерлер бир жылдан узак убакытка калтырылбайт деп жарыялады. Жума күнү "Коррьере делла Сера" гезитинде басылган интервьюсунда Мартино каражат жана айрым аскердик маселелерден улам, Иракта италиялык контингенттин узакка калтырылышына жол берилбейт деп маалымдаган. 3000ге жакын италиялык аскерлер өткөн айдан тартып Ирактын Насирия чөлкөмүндө кызмат өтөп жатышат. Антонио Мартино андан сырткары Ооганстандагы 1 жарым миңдей италиялык аскерлердин бир миңдейи сентябрда мекенине кайтарылаарын айткан.

XS
SM
MD
LG