Пакистан чек арага чукул аймактарда талиб согушкерлери улам бир чабуул койгонунан улам коңшулаш Ооганстанга чалгындоо жаатында тыгыз кызматташууну сунуш кылды. Бул тууралуу Кабулга сапарлап барган Пакистандын тышкы иштер министри Хуршед Касури маалымат жыйынында билдирди. Ооганстандын расмий өкүлдөрү мурдараак чек арадагы кол салууларды Пакистан тараптан ооп келген талибдер уюштурууда деп Исламабадды күнөөлөгөн эле. Сапар учурунда Хуршед Касури Ооганстандын президенти Хамид Карзай, тышкы иштер министри Абдулла жана коргоо министри Мохаммед Фахим менен жолугушту.