ЖАЛАЛАБАД. 22-августта президент Аскар Акаев Жалалабад облусунда болду. Ал Кытайдын «Делун Тунхе» инвестициялык коому курган Жалалабаддагы «Жандос» аттуу заводдун ачылышына катышты. Президент суткасына 300 тонна жапайы алма иштетүүчү ишкананы көрдү. Завод 6 млн. долларга курулган. Эмки жылы дагы ошончо инвестиция тартылаары, анда 200 адам иштеп жаткандыгы маалымдалды. Президент ушул эле күнү Токтогул районундагы Ош – Бишкек унаа жолунун 253-чакырымындагы «Ак илбирс» туристтик теле комплексинин кызыл тасмасын кести. Бул жерге 40 орундуу мейманкана, 100 орундуу ресторан салынган, 50 киши иштейт. Райондогу 12 млн. сомго бүткөн 360 орундуу Ибраим Умаров атындагы орто мектеп да президент Аскар Акаевдин катышуусунда салтанаттуу ачылды.