Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Президент Хатами ирандык дипломатты камакка алууну өлкөгө каршы жасалган кутум деп баалады


Ирандын президенти Мохаммад Хатами Ирандын Аргентинадагы мурдакы элчиси Хади Сулейманпурду камакка алганы үчүн Британия кечирим сураш керек деп эсептейт. Бул жөнүндө Ирандын мамлекеттик радиосу кабарлады. Сулейманпурду британ полициясы бейшемби күнү камакка алган. Ал 1994-жылы Буэнос-Айрестеги жөөт маданий борборунда болгон жардырууга катышы бар деп шектелүүдө. Жардыруудан 85 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG