Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ЖАҢЫДАН ЭЛДЕШҮҮ МҮМКҮНБҮ?


Израил палестин жетекчилигинин жаңыдан элдешүү жөнүндөгү сунушун четке какты. Расмий Тель-Авив палестин согушчан топторунун таратылышын тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүүнүн негизги шарттарынын бири катары эсептейт. Палестин жетекчилиги жаңыдан элдешүү, эгер Израил палестин шаарларынан аскерлерин чыгарып, согушчан топтордун башчыларын жок кылуу тажрыйбасын токтотсо мүмкүн экенин билдирген эле. Израил менен жаңыдан элдешүү мүмкүнчүлүгүн палестиндердин "Хамас" уюмунун жетекчилиги да жокко чыгарды.

Июнь айынынын соңунан тарта Израилдин жана Палестинанын аймактарында мурдагыга салыштырмалуу тынчтык орун алып келген эле. Эки тарап "Жол картасы" деп аталган эл аралык тынчтык планын аткаруу багытында кадамдарды жасай башташкан. Тилекке каршы мындай абал көпкө узай албай эле бузулду. Ал үчүн эми эки тарап адаттагыдай эле бири-бирин айыптап жаткан кези. Маселен Израилдин өкмөтү палестин бийлиги террорчулардын инфраструктурасын жоё алган жок, согушкерлерге каршы натыйжалуу иш жүргүзбөдү, аларды куралсыздандыруу ишин создуктуруп келди, жанкечтилердин Израилдин аймагына кирүүсү токтободу деп эсептейт. Ал эми палестин жетекчилигинин эсебинде, Израиль согушчан топтордун элдешүүгө барышына олуттуу маани бербеди, аскерий операцияларын бир аз басаңдатканы менен согушчандарга каршы тактикалык чабуулун, палестиндерди камакка алууну улантып келди. Атүгүл палесттин өкмөт өкүлдөрүнүн ырастоосунда, алар согушчан топторду куралсыздандырууну пландап жаткан эле. Эми Израиль палестин аймактарында камоолорду, аскерий аракеттерди улантып жаткан шартта, палестин жетекчилиги согушчандарга каршы чара көрө албайт. Кырдаал аяктаган аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү орун алган окуялардан кийин өзгөчө курчуп кетти. Шейшемби күнү Иерусалим шаарында палестин жанкечтиси жүргүнчү ташыган автобусту жардырганда, 20 адам мерт болуп, 100дөй киши жаракат алган. Мунун алдында 14-августа жөөт аскерлери палестиндердин "Исламчыл Жихад" деген уюмунун активистин жок кылган. Ал эми соңку чабуулга жооп кылып, Израилдин тик учмалары бейшемби күнү Газа секторунда "Хамас" уюмунун абройлуу жетекчилеринин бири Исмаил Абу Шанабды жана анын эки жансакчысын ракета менен атып өлтүрүштү. "Хамас" ошол эле замат өз лидеринин өлүмү үчүн сөссүз өч алынарын эскертти. Ага катар бул окуянын соңунан палестин радикал уюмдары 29-июнда жарыяланган Израил менен утурумдук элдешүүсү аяктаганын билдиришти. Айтор аналитиктердин пикиринде, жогорудагы окуялар жөөт-палестин чатагын жөнгө салууну караган "Жол картасы" тынчтык планы үчүн чоң сокку болду. Иш жүзүндө анын аткарылышын жокко чыгарып олтурат. "Жол картасын" эми сактап калуу мүмкүнбү? Пландын башкы демөөрчүсү АКШнын Мамлекеттик катчысы Коллин Пауэллдин айтымында, "Жол картасынын" бүтүшү эки жак тең кургуйга кулайт дегенди туюндурат:

- Бул "Жол картасынын" бүтүшү эмес. Менин ишенимимде, эки тарап тең алдыга жылуу үчүн жол табуу керектигин түшүнөт. Антпесе муну эмне алмашырат? Өлүм менен талкалануулардын көбөйүшүбү? Террорчулардын жеңишине жол ачуубу? Палестин мамлекетине кызыкдар эместердин жеңишине мүмкүндүк берүүбү? Эч кызыкчылыгы жок, бирок бейкүнөө адамдарды өлтүргүсү келгендерге жол ачуубу? Жок. Бул - кабыл алгыс жыйынтык.

Апта соңунда палестин жетекчилиги АКШны ортомчулук кылып, чөлкөмгө өз элчисин жиберүүгө үндөдү. Жума күнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш палестиндердин "Хамас" тобунун алты лидеринин жана ага жардам берди деп шектелген беш уюмдун банк эсептери тоңдурулганын жарыялаган. Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун вице-президенти Девид Мактын пикиринде, жааташкан тараптарды тынчтыкка көздөй кадам шилтетүү үчүн, балким, АКШдан Израилге да кысым көргөзүү талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG