Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Дүйнө кыргыздарынын 2-курултайы Чолпонатада өтөт


БИШКЕК. 28-август. Бүгүн расмий бийлик өкүлдөрү мааракеге чакырылган меймандардын катышуусунда Бишкектин «Алатоо» аянтында мамлекеттик желек көтөрүлүп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын урматына чакырылган дүйнө кыргыздарынын 2-курултайы өз ишин баштады. Андан соң меймандар негизги иш-чаралар өтүүчү Чолпоната шаарына сапар алышты. Көлдөн меймандарды мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана Ысыккөл облусунун губернатору Эмилбек Анапияев тосуп алды. Бейшемби күндүн программасында негизинен маданий иш-чараларга орун берилген. Шаардын ат майданында ат оюндары көргөзүлүп, кечкисин Улуттук опера театрынын артисттеринин аткаруусунда «Айчүрөк» операсы ачык асман алдындагы сахнада ойнолду. Төкмө акындар Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев баштаган эл шайырларынын концерти тартууланды. Алатоого, Ысыккөлгө сыйынуу аземинде «Ыйык шам» жагылды. Курултайга дүйнөнүн кыргыздар жашаган 25 мамлекетинен 150 өкүл келди. Ал эми 150 өкүл кыргызстандыктар.

XS
SM
MD
LG