Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Ооганстанда Талибандын ири куралдуу тобу курчоого алынды


.

КАБУЛ.Ооганстанда Талибандын ири куралдуу тобу курчоого алынды. Ооган аскерлери менен талиб топторунун Кабулдан түштүгүрөөк жайгашкан Дайчопан чөлкөмүндөгү салгылашуулары бир жумадан бери уланууда. Ооган аскерлерине абадан колдоо көрсөтүп жаткан америкалык аскерлердин өкүлү, полковник Родни Дэвис акыркы үч күндүн ичинде салгылашууда 33төй талиб курман болгондугун билдирет. Провинциянын чалгындоо кызматынын башчысы Халил кечээ талибдер деп шектелген 8 киши кармалгандыгын айтат. АКШнын аскердик жетекчилиги кокустукка байланыштуу бир америкалык солдат өлгөнүн, экөө октон жараат алганын билдирет. Ооган чалгындоо кызматы Забул тоолорунда бир нече жүз талиб согушкерлери топтолгонун билдирет.

XS
SM
MD
LG