ДУШАНБЕ. Тажикстандын президенти Борбор Азиянын суу маселелерин чечип берүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Бүгүн Душанбеде Улуттар Уюмунун каржылоосу менен өтүп жаткан конференцияда Имомали Рахмонов Арал деңизинин соолуп калышынан 400 миң чарчы километр ууланган чөл пайда болгонун жана бул жергиликтүү 3 миллиондой тургунга эле зыян келтирбестен, эбегейсиз чоң аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө алып келээрин билдирди. Рахмонов ошондой эле ХХ кылымдын башында жер титирөөдөн пайда болгон бийик тоолуу Сарез көлүндөгү табигый тосмо кыйрап калуу коркунучуна дуушар экенин баяндады. "Тажикстан, же Борбор Азия өлкөлөрү мындай экологиялык алааматка жалгыздап туруштук бере алышпайт", - деди президент. Душанбедеги үч күндүк конференцияга 30 чакты мамлекет менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Тажикстандын президенти Борбор Азиянын суу маселелерин чечип берүүгө көмөктөшүүгө чакырат.