Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов иштен чыккан атомдук кемелерди понтондор менен сүйрөөгө тыйуу салды. Ал мындай чечимди утилизациялоого мына ушундай жол менен сүйрөлүп бараткан «К-159» аттуу суу астында сүзүүчү кеменин Баренц деңизинде чөгүп кетүүсүнөн кийин кабыл алды. Ивановдун айтымында, кырсыкка кемени сүйрөөнүн эрежелирин толук сактабаган шалаакылык себепкер болгон. Аскердик прокуратура жана Түндүк флоттун командачылыгынын өтүнүчү менен бул операцияны жетектеп жаткан экинчи даражадагы капитан Сергей Жемчужинный кызматтан алынды. Ал эми кеменин кырсыкка учуроосуна байланыштуу Орусиянын түндүк аскердик флоту жана Мурманск облусу бүгүн аза күтүүдө. Орус президенти Владимир Путин кырсык кабылуусу дыкат иликтенерээрин билдирди. Орусиянын аскерий жетекчилиги атомдук кеме чөгүп кеткен жерде радиациялык абал өз нугунда экенин кабарлоодо.