Орусиянын Самарск областында ишембиден бери күйүп жаткан мунай ташуучу танкердеги өрт бүгүн өчүрүлдү. Өрттөн бир матрос каза болуп, эки өрт өчүргүч катуу жарат алышты. Тюмендеги отун-мунай кампаниясына таандык танкер Волга дарыясы менен 2 миң тонна мунай тартып келатып, өрткө кабылган. Өрттөн чыккан майлуу ыш шаардын үстүн каптап, Волга дарыясынын бир чарчы чакырымдан ашык аянтын мунай жаап калды. Эколог-адистер мындай жагдай экологиялык алааматты жаратат деп кооптонуп жатышат.