Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Жакынкы Чыгышта кырдаал кыйындап кетти


Израил Палестиндерге каршы чабуулун уланта берет. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон бүгүнкү өкмөт жыйынында билдирди. Израил менен Палестина июндун аягында үч айлык элдешүү келишимин түзгөндүгүнө карабай, 19-августта 20 адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин Израил палестиндер турган жайларга чабуулун кайра баштаган. Кечээ түнү Изралдин аскерлери Иордандын батыш жээгиндеги Калкилия шаарына кирип барышты. Бүгүн Газа тилкесинде тик учма менен аткылоодон бир палестин көз жуумп, жыйырмасы жараат алды. Израил армиясы мындай чабуулдарын Калкилияда бир жөөт катуу жарадар болгондон кийин күчөттү. Ал кол салууну палестиндердин “Хамас” уюму өз мойнуна алып, уюмдун ишемби күнү ракета менен атып өлтүрүлгөн эки чыгаан мүчөсүнүн өлүмү үчүн ушинтип өч алып жаткандыгын жарыя кылды. Ал эми Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгышка атайын визит менен барган жогорку даражалуу кызматкери Хавьер Солана “Жол картасы” деп аталган эл аралык тынчтык планын ишке ашыруу үчүн эки тарапты бирдей аракеттенүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG