Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргызстанда орто мектептер көбөйүүдө


БИШКЕК. Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан боюнча 49 жаңы мектеп ачылды. Бул жөнүндө бүгүнкү маалымат жыйынында билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова журналисттерге билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда 2029 жалпы билим берүүчү мектеп бар, аларда 1 млн. 200 миңге жакын окуучу окуйт. Соңку жылдары Кыргызстанда студенттердин саны 4 эсе өсүп, азыр алардын саны 200 миңге жетти. Ал эми былтыртан бери өлкөдө жогорку окуу жайларынын 52 филиалы жабылды. Ишенгүл Болжурова мугалимдердин адистигин жогорулатуу багытында да министрлик тарабынан иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мындан ары министрлик элет жериндеги мектептердин абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат. Жаңыдан кабыл алынган «Кыргыз айыл мектеби» аттуу программанын негизги максаты - айыл жериндеги мектептердин материалдык-техникалык абалын чыңдоо, алардын билим берүү деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG