Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Түндүк Кореянын парламенти Ким Чен Ирди мамлекеттин башкы коргоочусу кылып кайра шайлады.


Парламент андан сырткары Кошмо Штаттардын касташуу саясатынан коргонуу максатында өкмөт сунуш кылган өзөктүк куралдар программасын өнүктүрүү долбоорун жактырды. Ошондой эле бул программаны мындан ары сүйлөшүүлөр аркылуу талкуулоонун кажети жок деген өкмөттүн чечимин да колдоп берди. Анын алдында түндүк кореялык депутаттар өлкө президенти Ким Чен Ирди Улуттук коргонуу комиссиясынын төрагасы кылып мамлекеттеги эң бийик кызматка жаңы мөөнөткө шайлаган. Өткөн аптада Пхеньян проблемасын талкуулаган Бээжиндеги алты тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаган соң, ага катышкан Түндүк жана Түштүк Кореянын, Орусия, Кытай, Жапония жана АКШнын өкүлдөрү жакында кайрадан чогуларын айтып тарашкан, бирок жолугушуу кайсы күнү болору так аныкталган эмес.

XS
SM
MD
LG