Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

КЫЗМАТЫНДА КАЛГАН ӨКМӨТ, КЫТАЙЛЫК МЕЙМАНДАР, САТЫКТАН АЛЫНГАН КИТЕП, УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН ЧАТАГЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Депутаттардын өкмөттү кызматтан кетирүү аракетинен натыйжа чыккан жок. Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри жана Башкы элдик прокурору келип кетишти. Журналист Нурадил Бакашевдин «Аксыдан аккан кан, үзүлгөн Үзөнгүкууш» аттуу китебин Ош облусунда Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) кызматкерлери саттырбай жатышат. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин тегерегиндеги чатак басыла элек.

Бул аптада 1-сентябрь - Билим күнүнө байланыштуу Кыргызстандын жер-жерлериндеги орто мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, салтанаттуу кечелер өткөрүлдү. Билим берүү жана маданият министрлиги жаңы окуу жылынын башталышына карата башкалаанын борбордук «Алатоо» аянтында мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатын өткөрдү.

Ал арада президент Аскар Акаев «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны кайрадан Жогорку Кеңешке жөнөттү. Быйыл февраль айында өткөн элдик референдумга ылайык, Кыргызстанда 2005-жылдан баштап бир палаталуу парламент түзүлөөрү, ал эми азыркы кош палаталуу парламент мөөнөтүнүн соңуна чейин өз ишин улантаары белгиленген. Буга байланыштуу июнь айынын соңунда Мыйзам чыгаруу жыйынында Жогорку Кеңештин иштөө тартиби тууралуу мыйзам кабыл алынган. Депутаттар болсо өкмөттү аз жерден кызматтан кетире жаздашты. Буга В. И. Лениндин эстелигин «Алатоо» аянтынан көчүрүү тууралуу өкмөттүн токтому себеп болду. Мыйзам чыгаруу жыйынында токтомдун мыйзамдуулугу тууралуу маселе талкууланды. «Коммунисттер» фракциясы премьер-министр Николай Танаевди кызматтан кетирүү, Лениндин эстелигин кайрадан ордуна орнотуу тууралуу палатанын токтомунун долбоорун сунуш кылган эле. Талкуунун соңунда бул маселе боюнча депутаттар жашыруун добуш беришип, токтомдун долбоору толугу менен өтпөй калды. Антсе да, айрым адистердин пикиринде, бул маселе парламент тарабынан кийинчерээк кайрадан көтөрүлүшү да мүмкүн.

Журналист Нурадил Бакашевдин былтыркы Аксы окуяларын чагылдырган «Аксыдан аккан кан, үзүлгөн Үзөнгүкууш» аттуу китебин Ош облусунун Каракулжа жана Өзгөн райондорунда Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) кызматкерлери саттырбай жатышат. Бул тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Кегин Макеев билдирди. Анын айтымында, июль айында Каракулжа районунда китеп сатуучуларга жеткирилген китептердин 60 нускасын жергиликтүү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тартып алып коюшкан. Өзгөн районунда да УККнын кызматкерлери китепти сатыкка чыгарбай жатышат. «Аксыдан аккан кан, үзүлгөн Үзөңгүкууш» китебинин 700дөн ашуун нускасы Каракулжа, Өзгөн райондоруна жеткирилип, көпчүлүгү бекер таркатылган.

Мындай учурларда адатта укук коргоочулардын аракети күч алчу эле, эмнегедир бул жолу алардын добушу анча угулган жок. Укук коргоо уюмдары өздөрүнүн ички маселелери менен алек болуп жатышат окшойт. Башкасын айтпаган күндө да, Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин тегерегиндеги чатактын жакын арада басыла турган түрү жок. Рамазан Дырылдаев өзүн мурдагыдай эле комитеттин мыйзамдуу төрагасымын деп эсептесе, Болот Тыналиев да өзүнүн мыйзамдуу түрдө шайланганын айтып келет. Мунун тегерегинде комитеттин жетекчилигинин эски-жаңы курамы, Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы, Кыргызстандын өзүндөгү бир катар укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар дембе-дем билдирүү таратышты. Алардын айрымдары Юстиция министрлигинен Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин кайра каттоону токтотууну өтүнүшкөн. Комитет 1996-жылы негизделген. Республика боюнча анын 5000ге жакын мүчөсү бар. 25-августта Бишкекте комитеттин отчеттук кайра шайлоо конференциясы төрагасы жок өткөн.

Бишкекте Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жана Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасынын ортосунда кызматташуу ниетин ырастаган протоколго кол коюлду. Протоколго кол койгон Кыргызстандын башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев менен Кытайдын башкы прокурору Цзя Чуньван эки өлкөнүн мыйзам көзөмөлдөө тармагындагы кызматташтык туурасында пикир алмашышты. Буга чейин 2001-жылы Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган. Кытай менен Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматташуусу негизинен эл аралык террорчулукка, баңгизаттардын жолуна бөгөт коюу аракетине байланыштуу. Мындан тышкары, Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун экинчи отуруму болуп өттү. Жыйынга бул уюмга мүчө болгон Кытайдын, Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен күч органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында ШКУнун алкагында эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизат жана курал-жарак сатууга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш маселелери каралды.

Аптанын аягында Бишкекке Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин келип, президент А. Акаев менен жолугушту. Алар эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтык боюнча пикир алмашты. Кытайдын тышкы иштер министри Токмоктогу кагаз-картон фабрикасына барып, анын иши менен таанышып, кайрадан Бээжинге жол тартты. Бул жумадагы ушул сыяктуу окуялардан көрүнүп тургандай, акыркы убакта кытай дипломатиясы өтө активдүү иштеп жатканы байкалат. Бул үчүн расмий Бээжин эки тараптуу форматты да, Шанхай Кызматташтык Уюмунунун мүмкүнчүлүктөрүн да кеңири пайдаланууда.

XS
SM
MD
LG