Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Оппозициялык партиялар 2005-жылдагы парламенттик, президенттик шайлоолорго чогуу катышышы ыктымал


БИШКЕК. «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы азыр өлкөдөгү бардык оппозициялык, борборчул маанайдагы партиялар жана өкмөттүк кызматта иштеген айрым саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн максаты - 2005-жылдагы парламенттик шайлоого бирдиктүү бир саясий блок менен катышуу жана президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгуу. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, мындай чечим быйыл 23-августта Аксыда өткөн Үчүнчү элдик курултайда кабыл алынган. А. Бекназаровдун сөзүнө караганда, мындай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы келээрки аптада белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG