Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

ПРЕЗИДЕНТ «ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМГА ВЕТО КОЙДУ


Азиза Турдуева, Бишкек Быйыл май айында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамды президент кайрадан кароого кайтарды. Шаршембиде вето коюлган бул мыйзамды палатанын мамлекеттик түзүлүш маселелери боюнча комитети жана этика боюнча комиссиясы карап чыгышты.

10-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш маселелери боюнча комитетинин жана этика боюнча комиссиясынын мүчөлөрү «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын долбооруна карата президенттин каршы пикирлерин талкуулашты. Президент бул мыйзамга карата 40ка жакын пункттан турган каршы пикирлерин жазган. Алар негизинен Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, анын ичинде палаталардын, комитеттеринин укуктарына, парламенттин тутумуна, чек ара маселелеринин парламентте каралышына, депутаттардын кол тийбестигине жана башка маселелерге байланыштуу. Мисалы, мыйзамдагы депутаттын кол тийбестигине байланыштуу бөлүктө «депутат ыйгарым укуктары аяктаган кезде да депутат болгон кездеги сөзүнө жооп бербейт, чек арага байланыштуу маселелер болсо кеминде эки окуудан кийин кабыл алынат» деген сыяктуу нормалар киргизилген. Депутат Абсамат Масалиев президенттин айрым каршы пикирлери негиздүү деп эсептейт.

- Президенттин бул мыйзамга карата айрым каршы пикирлери жүйөлүү. Аларга биз макулбуз. Бирок, кээ бир пикирлерине каршыбыз. Ошондуктан бул мыйзам кайрадан палата тарабынан каралууга тийиш, - дейт Абсамат Масалиев.

Ал эми мыйзам палата тарабынан кабыл алынган учурда эле «бул мыйзамды президент кайра кайтарат» деп алдын-алы божомолдогон депутат Азимбек Бекназаров президенттин айрым каршы пикирлерине төмөнкүчө токтолду:

- Президент, мисалы, Жогорку Кеңештин бир топ ыйгарым укуктарына каршы болуп жатат. Мисалы, комитеттердин статусу боюнча, депутаттын кол тийбестигине байланыштуу беренелерге каршы. Бул туура эмес. «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам парламенттин иштиктүүлүгүн, анын жалпы жоопкерчилигин жогорулатышы керек.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны быйыл 29-майда кабыл алып, президентке жолдогон. Мыйзам долбоорлорун палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев, Эл өкүлдөр жыйыны жана депутат Ишенбай Кадырбеков иштеп чыгып, сунуш кылышкан. Мыйзамдын талкууланышында бул үч долбоор бир долбоорго бириктирилген. Мыйзам жалпы жана өзгөчө бөлүктөрдөн турат. Бул эки бөлүк болсо 5 бөлүмдү жана 700дөн ашуун беренени камтыйт. Мыйзам палатада каралгандан тартып эле коомчулукта анын чоң мааниси жөнүндө пикирлер айтыла баштаган. «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам өлкөдө алгачкы ирет Конституциянын жаңы редакциясына ылайык кабыл алынган. Бул мыйзам кабыл алынмайынча, регламент жөнөкөй эле нормативдик акт болуп саналат.

Депутаттардын көпчүлүгү регламент жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу мыйзам долбоорлорун даярдап, кабыл алуудагы парламенттин жоопкерчиликтин жогорулатып, анын иш тартибин жакшырта турганын белгилешет. Айрым депутаттарга болсо алардын добуш берүү, жыйындын отурумдарына катышуу, иштөө тартибинин күчөтүлүшү жакпайт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш маселелери боюнча комитетинин жана регламент, этика боюнча комиссиясынын чечими менен «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору кайрадан палатада 2004-жылдын март айында каралат.

XS
SM
MD
LG