Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

КАЛИФОРНИЯДАГЫ ЭРТЕ ШАЙЛОО КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага АКШ чөлкөмдүк сотунун коллегиясы 15-сентябрда атайын чечим кабыл алып, Калифорния штатында губернатор Грей Дэвис тууралуу 7-октябрда өткөрүлүүгө белгиленген добуш берүүнү кийинкиге калтырууну сунуштады. Кээ бир эксперттердин айтымында, бул өкүм губернатордун пайдасына иштей турган саясий чечим болду.

Калифорния - АКШнын эң чоң штаттарынын бири, ошондуктан анын тургундарынын добушунун таасири жалпы өлкөлүк шайлоого да өтө зор. Кээ бир эксперттердин пикиринде, кайсы талапкер Калифорнияда жеңишке жетсе, ошол кийин президент болуп шайланат. 2000-жылдагы шайлоодо Калифорнияда азыркы президент Жорж Буш Демократиялык партиянын ал кездеги талапкери Алберт Горго утулган.

Ошол себептен кээ бир эксперттер азыр 2004-жылы боло турган президенттик шайлоодо калифорниялыктардын колдоосун камсыз кылуу үчүн, бийлик анын губернаторун алмаштыруу жолдорун издөөдө деген пикирде. Учурдагы губернатор Грей Дэвис Демократиялык партиянын өкүлү, президент Буш жана бийликтеги жогорку кызматтагы көпчүлүк жетекчилер азыр Республикалык партияга мүчө.

Дэвис губернатор болгон акыркы жылдарда Калифорниянын финансылык абалы бир кыйла начарлаган жана эгер мурда штаттын жалпы кирешеси чыгашадан өйдө болсо, азыр анын бюджет тартыштыгы бир нече миллиард долларга жеткен. Ошондуктан штаттын бир миллион 600 миң тургуну губернаторду кызматтан чакыртып алуу керек деген арызга кол койгон жана кийин шайлоочулардын 56 пайызы эрте шайлоо өткөрүү идеясын колдогон. Дэвистин өзүнүн айтымында, бүткүл Америка Кошмо Штаттарынын бюджетинин тартыштыгы акыркы жылдарда абдан жогорулады жана жалаң эле ошону эсепке алса, анда президент Бушту дагы кызматтан чакыртып алуу керек.

Эрте шайлоо 7-октябрга белгиленип, Дэвистин ордун басууга бир нече талапкер көрсөтүлгөн жана Республикалык партиянын атынан губернаторлукка атактуу артист Арнолд Шварценеггер да аталган. Эгер шайлоодо губернатор элдик колдоого татыбай калса, ал кызматынан кетүүгө тийиш жана ошол эле 7-октябрда кошумча шайлоодо ким көп добуш чогултса, анын ордун басмак.

Шайлоону кийинкиге калтыруу тууралуу да бир нече демилге көтөрүлгөн, бирок соттор аларды акыркы мезгилге чейин четке кагып келген. Губернатор Дэвисти жактагандардын айтымында, Калифорнияда азырынча добуш берүү аспаптары толук алмашылып бүтө элек, ошондуктан 7-октябрда боло турган шайлоонун жыйынтыктары так боло албайт. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо дагы ошондон чатак чыккан жана бардык шайлоо аспаптары 2004-жылдын 2-мартына чейин жаңылантылууга тийиш деген чечим кабыл алынган.

Эмдиги жылдын жаз айларында АКШда президенттикке талапкерлер көрсөтүлө баштайт жана 2-мартта Калифорнияда Демократиялык партиянын талапкерлери аталууга тийиш. Ошондуктан штаттын шайлоо чөлкөмдүрүндө азыр эски аспаптар жаңыларга алмаштырылып жатат, бирок иш бүтө элек.

Ошол себептен 15-сентябрда АКШнын Тогузунчу округ боюнча сотунун үч адамдан турган коллегиясы Калифорниядагы шайлоону кийинкиге калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Соттун айтымында, штаттын кыркка жакын пайыз шайлоочусу жашаган 6 шайлоо чөлкөмүндө аспаптар алмашыла элек, ошондуктан, эгер шайлоо 7-октябрда өткөрүлсө, бир топ ката кетиши мүмкүн. Бардыгы болуп штаттын 44 пайыз шайлоочусу эски аспаптарды пайдаланып добуш берүүгө аргасыз болот жана 40 миңге жакын адамдын добушу жараксыз болуп чыгышы мүмкүн.

Бирок өкүм чыгарган үч сот тең Демократиялык партиянын өкүлү болгону ал чечим калыс экенинен шек туудурат жана губернатордун каршылаштарынын айтымында, эгер шайлоо 2-мартта өткөрүлсө, ал демократтардын пайдасында болот, анткени добуш берүүгө азыркыга караганда Демократиялык партиянын өкүлдөрүнөн алда канча көп адам катышат. Бирок сот кийинки шайлоонун күнүн белгилей элек жана кабыл алынган өкүмгө каршы арыз берүү үчүн бир апталык мөөнөт белгиледи.

Азыркы күнгө карата Калифорнияда 300 миңге жакын адам добуш берип койгон, алар 7-октябрда өз үйлөрүндө болбой тургандыктан, кимди шайлай турганын катка жазып, шайлоо комиссияларына жөнөтүп жиберген жана жалаң эле Лос-Анжелес шаарында күн сайын 10 миңге жакын ошондой кат жазылат.

XS
SM
MD
LG