Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

БҮГҮН «ЭЛЕКТРОНДУК ӨКМӨТ» ДОЛБООРУНА АРНАЛГАН ЖЫЙЫН ӨТӨТ


Бүгүн өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаевдин катышуусунда маалымат-байланыш технологияларын өнүктүрүүгө арналган жыйын өтөт. Анда «электрондук өкмөт» долбоору талкууга алынмакчы. Айрым адистер мындай долбоордун турмушта майнап берээрине күмөн санаган пикирлерин айтышууда.

Кыргызстанда «өлкөнү маалымат-байланыш технологиялары аркылуу өнүктүрүү» аттуу улуттук стратегия кабыл алынган. Аны турмушка ашыруу максатында кыргыз өкмөтү улуттук программа иштеп чыккан. Бүгүн президент Аскар Акаев катышкан жыйында ал программаны турмушка ашыруунун жолдору жөнүндө сөз болуп, «электрондук өкмөт» долбоору талкууга алынмакчы. Кыргыз бийлигинин болжолунда «Электрондук өкмөт» программасы 2007-жылы өз кайтарымын берип, натыйжада «электрондук экономика» түзүлүп, жаңы 100 миң жумуш орду ачылууга тийиш. Жогорку Кеңештин депутаты Бектур Асанов долбоор тууралуу мындай дейт:

- 100 миң жаңы жумуш орду ачылат дегени туура эмес. Болсо, 10-15 миң гана ачылышы ыктымал. Экинчи чети, «электрондук өкмөт» түзүлөт дегени туура, анткени, аткаруу бийлигинин бардык иштери ачык-айкын болот, Интернетке түшөт.

«Электрондук өкмөт» долбооруна ылайык, Интернетте мамлекеттик бирдиктүү байланыш түзүлүп, өкмөттүн иши тууралуу элге ачык, так жана туура маалыматтарды берип туруу каралган. Бирок, айрымдар «өкмөттүн мындай демилгелеринен майнаптуу жыйынтык чыкпай калышы ыктымал» деген пикирлерин айтышууда. Журналист Жаныбек Жанызак президенттин Интернет-баракчасы буга далил болоорун айтат.

- «Электрондук өкмөт түзөбүз» деп жатышат. Буга чейин деле Аскар Акаевдин Интернетте баракчасы бар болчу, бирок ал иштебейт. Кат жазсаң, суроо берсең жооп бербейт. Ачык деңгээлде, баарыга иши көрүнүп турган баракчалар болсо - мен кош колдоп колдойм. Бирок мен андай болооруна ишенбейм! - дейт журналист Жаныбек Жанызак.

XS
SM
MD
LG