Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

АКШда "Казахгейт" жаңжалы боюнча алгачкы адам соттолду.


Америкалык мунай компаниясынын жооптуу өкүлү Казакстанда жүргүзгөн ортомчулугунан тапкан акчасын салыктан жашырганы үчүн түрмөгө кесилди. "Мобил Ойл" компаниясынын мурдагы жетекчиси Брайан Уильямс Казакстандын бийликтеринен алган 7 млн доллардан салык төлөбөгөнү үчүн 3 жыл 10 айга эркинен ажыратылды. Ал - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана анын жакын адамдары аралашкан "Казахгейт" жаңжалы боюнча сотко тартылган. Казакстан менен АКШнын ортосундагы мунай боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу АКШда 1999-жылы башталган тергөө иштери улантылууда.

XS
SM
MD
LG