Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

КМШга мүчө төрт өлкө экономикалык аймакка биригишти


Украинанын Ялта шаарында КМШ президенттеринин кезектеги саммитине чогулган Орусия, Украина, Беларус жана Казакстандын лидерлери Жалпы экономикалык аймак түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ал документтин маанисин орус президенти В.Путин төмөнкүдөй чечмеледи.

- Биз бүгүн койгон документтер кандай максатты көздөшөт? Эң ириде алардын баары жалаң экономикалык кызыкчылыктарды камтышат.

Макулдашууга ылайык, аталган төрт өлкө ортосунда азык-түлүк, акча жана эмгек тоскоолдуксуз пайдаланылып, тарифтер менен бажы төлөмдөрү бирдей болот. Казак президенти Н.Назарбаев Эркин экономикалык аймакка келечекте башка да КМШ өлкөлөрү кошулушу керек деп белгиледи. Жыйынга Шериктештикке мүчө 10 өлкөнүн президенттери, Азербайжан менен Түркмөнстандын премьер-министрлери катышышты.

XS
SM
MD
LG