Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Иракта америкалык үч аскер окко учту, ал-Хашеми ооруканда кала берүүдө


АКШ армиясынын маалымат катчысы буларды билдирди:

– Өткөн түнү саат 9.45те Абу Гараиб түрмөсүндө минометтон атылган эки дүрмөт жарылганда эки аскер набыт болду, дагы 13ү жарадар. Айыпкерлерден эч ким жапа чеккен жок.

Ал эми Багдаддан батыштагы Рамади шаарында машина минага урунуп жарылганда, дагы бир аскер күм-жам болду.
Ушул эле күнү куралдуу кол салууда оор жараат алган Ирактын убактылуу өкмөт кеңешинин мүчөсү Акила ал-Хашеми ооруканада кала берүүдө, дарыгерлер анын абалы оор, бирок стабилдүү экендигин айтышууда. Ал-Хашемиге кол салгандар кармала элек.

XS
SM
MD
LG