Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Ирактагы польшалык жоокерлер аскерий тартипти дагы бузушту


Польшалык беш жоокер арак ичкени үчүн Ирактан мекенине жөнөтүлмөк болду.
Ирактагы польшалык күчтөрдүн өкүлү Андржей Виатровски кечээ билдиргенге караганда, алардын арасынан бир жоокер мыйзамсыз арак сатмак болсо, экинчи жоокер тапанчасын уурдатып койгон.
Поляк жоокерлери муну менен экинчи жолу арак ичти деп күнөөлөнүп, Ата Журтуна жөнөтүлүүдө.
Польшалык аскерлер башындагы көп улуттуу күчтөр Ирактын түштүгүндөгү беш провинцияга жайгаштырылган жана анын курамына Болгария, Казакстан, Украина, Салвадор, Гондурас, Никарагуа жана Доминикан Республикасынын аскерлери кирет.

XS
SM
MD
LG