Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

ШКУга кирген өлкөлөр өз ара эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү аймагын түзүүнү көздөшүп жатышат


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөр 2020-жылга чейин өз ара эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү аймагын түзүүнү көздөп жатышат. Бул ШКУга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бээжиндеги жыйынында бүгүн кабыл алынган «Көп жылдык экономикалык кызматташтык тууралуу» программада белгиленди. Мындан тышкары, бул жыйында ШКУнун 2004-жылдагы бюджети бекитилип, уюмдун Аймактык антитеррордук борборунун ишмердүүлүгү боюнча так план кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бээжиндеги жыйынга Кыргызстандан премьер-министр Николай Танаев баштаган делегация катышууда.

XS
SM
MD
LG