АКШнын президенти Жорж Буш менен Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Ирак боюнча орток пикирге келип, бул өлкөнү кайра калыбына келтирүүдө кызматташууга үмүттөнүшөт. Лидерлер бүгүн Улуттар Уюмунун Жалпы Ассамблеясынын 58-сессиясынын учурунда бейрасмий жолугушту. Андан мурда Буш Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Германия, Франция жана Орусияны Ирак боюнча АКШ сунуш кылган резолюциянын долборун колдоого үндөгөн. Резолюция Иракта эл аралык бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууну жана ирак экономикасын калыбына келтирүүгө эл аралык коомчулуктун катышуусун карайт.