Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:03

Жалалабадда диний экстремизмге каршы күрөштүн абалы кандай?


ЖАЛАЛАБАД. Облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкери Исабек Мырзажанов «жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун арасында жүргүзүлгөн иштин үзүрү кайтты» деп билдирди. Анткени, 12 райондун аймагындагы айылдарда жана мечиттерде өткөн жыйындарда «Хизб ут-Тахрир» саясий партиясы жөнүндө маалыматтар берилди. Натыйжада, соңку 3 айда жашыруун партиянын баракчаларын таратуу тыйылды. Мырзажановдун айтымында, кээ бир маалымат каражаттарынын «Өзбекстандын ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү Жалалабадда да бар» деп жазганы аныкталган жок. Бирок Борбор Азияда ислам халифатын курууга чакырып, мамлекеттик түзүлүшкө жана АКШнын Ирак саясатына каршы үндөгөн эки адам акыркы айларда экинчи жолу кайра колго түштү. Алар «Хизб ут-Тахрир» партиясынын адабияттарын үйүндө сакташканы да аныкталды.

XS
SM
MD
LG