Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

АКШнын биринчи айымы Лаура Буштун жаңы вазийпасы


Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун зайыбы Лаура Буш бүгүн Европа өлкөлөрүндөгү беш күндүк сапарын баштайт. Сапардын максаты АКШ Ирактагы согуштун кесепетинен жоготкон кадыр-баркты топтоп, өлкөнүн сырткы имиджин оңдоо.
Лаура Буш оболу Парижге учуп келип, Кошмо Штаттарынын ЮНЕСКОго кайра кирүү салтанатына катышат, Франция президенти Жак Ширак менен кездешет.
Кошмо Штаттары ЮНЕСКОну натуура башкарылууда жана антибатышчыл деп күнөөлөп, андан 1984-жылы чыгып кеткен.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымдашынча, ЮНЕСКОго кайра кирүү терроризмге күч-кубат берген “уулуу идеологияга” каршы күрөшкө жардамдашат.

XS
SM
MD
LG