БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту Кыргызстан коммунисттер партиясынын премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону эртеңкиге жылдырды. Буга сотко катышкан бийлик өкүлүнүн өкмөт өкүлү экенин күбөлөндүргөн документи жок болгону себеп болду. Быйыл 16-августта премьер-министр Н.Таневдин токтому менен Бишкектин «Алатоо» аянтындагы В.И.Лениндин эстелиги Жогорку Кеңештин имаратынын алдына которулган. Көп өтпөй Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова «Танаев В.И.Лениндин эстелиги тууралуу Жогорку Кеңеш 2000-жылдын май айында кабыл алган мыйзамды бузду» деп, сотко арыз жолдогон.