Ирактын борборунун батышында орун алган бүгүнкү чабуулдан америкалык 1 аскер набыт болуп, дагы бирөөсү жаракат алды. Бул окуя Багдаддан 70 чакырым батышта жайгашкан Хабания шаарында болду. АКШнын аскерлери танка жана тик учмалардын коштоосунда Багдаддан 80 чакырым алыстыктагы Халдея шаарында да бүгүн куралдуу ирактыктар менен кагылышты. Коалициялык күчтөр бул окуя тууралуу кеңири маалымат бере элек.
Кечээ күнү Халдеяга жакын Фаллужа шаарындагы чабуулдан алты америка аскери жаракат алган.
АКШлык аскерлерге кол салууну уюштургандарды кармоо максатында Тикрит шаарында өткөрүлгөн операцияда бүгүн эрте менен шектүү төрт киши кармалды.