Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Кошмо Штаттарында саясий жаңжал тутанды


Оппозициядагы демократиялык партиянын өкүлдөрү, анын ичинде сенатор Чарлз Шумер ЦРУнун жашыруун тыңчысынын атын атайылап шардана кылганы үчүн Ак үйдү айыптап, иштин чоо-жайын кылдат иликтеп чыгууну талап кылышты. Бул ишти жасаган жетекчи кызматкерлер сотко берилип, катаал жазага тартылышы керек, деп билдирди сенатор Шумер. “Чикаго сан таймс” гезити отставкадагы дипломат Жозеф Уилсондун аялы Валери Плейм америкалык чалгындоо кызматынын тыңчысы экенин жазып чыккан эле. Уилсон муну азыркы администрациянын Ирактагы саясатын сынга алганы үчүн Ак үй андан ушундай ыкма менен өч алууну чечти деп эсептейт. Ак үйдүн өкүлү Скотт Макклеллан юстиция министрлиги ишти териштирүүгө киришкенин белгилеп, азыркы администрациянын мындай ыпылас оюндарга таптакыр тиешеси жоктугун билдирди. Жашыруун жансыздардын аттарын элге жарыялоо АКШда олуттуу кылмыш эсептелинет.

XS
SM
MD
LG