Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ


1-октябрда Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин президиумунун жыйыны өттү. Анда кеңештин уюштуруу маселелери талкууга алынды. Демократиялык коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү «кеңеш коомдогу олуттуу окуяларга аралашып, адам укуктарынын бузулушу боюнча фактыларга карата өзүнүн сунуштарын билдире башташы керек» деген пикир айтышты. Кеңеш Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II курултайында кабыл алынган Демократиялык кодексти элге жеткирүүнү да максат кылууда.

Өкмөт башчысы Николай Танаев быйыл 17-сентябрда Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин ишин камсыз кылуу максатында бюджеттен 597 миң сом бөлүп берүү тууралуу токтомго кол койгон. Азырынча ал каражат финансы министрлигинен бөлүнө элек. Демократиялык коопсуздук кеңешинин төрагасы Мирсаид Миррахимовдун айтымында, өкмөт бөлгөн акча кеңештин ачылганы жаткан кеңсесинин ишин камсыз кылууга жумшалат. Кеңештин кеңсеси Бишкектеги Кыргызстан элинин ассамблеясынын имаратына жайгашат.

Мирсаид Миррахимовдун пикиринде, Демократиялык коопсуздук кеңеши тууралуу эл арасында кайчы пикирлер айтылууда, ошондуктан кеңеш тууралуу элге кенен жана туура маалымат берүү милдети турат. «Президенттин буйругуна ылайык түзүлгөнүбүз менен, биз көз карандысыз коомдук уюмбуз, башкы максатыбыз – демократияга кызмат кылуу» дейт Миррахимов:

- Биз президентке өз сунуштарыбызды айта алабыз. Адам укуктарына байланыштуу маселелерди өкмөт аркылуу Жогорку Кеңешке беребиз.

Жыйындын жүрүшүндө «ВОССТ» фирмасынын жетекчиси Валерий Хон «Демократиялык коопсуздук кеңеши коомдогу конкреттүү иштерге көңүл буруп, адам укуктарын сактоо боюнча өз сунуштарын айта башташы керек» деди. Валерий Хондун пикиринде, Бишкектин базарларында соода кылгандардын иш таштоосуна карата кеңеш өз позициясын билдирүүгө тийиш:

- Келгиле, ишибизди конкреттүү милдеттерди аткарууга багыттайбыз. Алсак, «Дордойдогу» чыр-чатак боюнча. Кыскасы, иш планыбызды түзүп алышыбыз керек.

«Базарларга кассалык аппараттын киргизилиши боюнча маселени Демократиялык коопсуздук кеңеши иликтеп чыгышы керек» деген пикирди Валерий Хондон тышкары академик Мирсаид Миррахимов, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да айтты. Натыйжада, курамына Кыргызстандын кесиптик бирикмелер кеңешинин төрагасы Сагын Бозгунбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Юсупхан Юсупханов жана Демократиялык коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү кирген топ түзүлдү.

Жыйында уюмдун ишин камсыз кылыш үчүн каражат издөө маселеси да талкууланды. «Каражат табуунун бардык жолдорун пайдаланыш керек» деген пикирлер айтылды. Алсак, президенттик фонддон жардам бөлүп берүүнү Аскар Акаевден өтүнгөн кат даярдалууда. Мындан тышкары, Токтайым Үмөталиева башында турган топ долбоор жазып, эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн грант алууга аракет кылмакчы. «Рамазан Дырылдаевге деле жардам берип жатышпайбы…» дешти айрымдар. Калың капчыктуу ишкерлерге жакын арада «Демократиялык коопсуздук кеңешин колдоп бергиле» деген мазмундагы каттар жөнөтүлмөк болду.

Жыйындын жүрүшүндө алынган маалыматтарга караганда, Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II курултайында кабыл алынган Демократиялык кодексти англис тилине которуп, китеп кылып чыгаруу иштери жүрүп жатат. Мирсаид Миррахимовдун айтымында, Демократиялык кодекстин кабыл алынганы Кыргызстан эле эмес, көп өлкөлөр үчүн да жаңылык болду. Андыктан президент Аскар Акаевдин катышуусу менен Демократиялык кодекске арналган эл аралык конференция өткөрүү пландаштырылып жатат деп сөзүн упады Миррахимов.

- Мен ал жыйынга президент да катышып, Демократиялык кодекс тууралуу 10 мүнөт айтып берсе деп ойлогом. Анткени, ар ким ар кандай айтууда, ал тургай спикер да пикирин билдирди. Демократиялык кодекс элге арналган.

Академик Миррахимов айтымында, эгер президент туура көрсө Демократиялык кодекс Жогорку Кеңешке сунушталып, мыйзам катары кабыл алынмакчы.

XS
SM
MD
LG