Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Багдадда жана Мосулда жумушсуз ирактыктар иш берүүнү талап кылышты


Бүгүн Багдад шаарынан ортолук бөлүгүндөгү полицайканалардын бирине жумуш талап кылган 100дөй адам кол салганда, Ирак полициясы аларды ок атып араң токтотту.
Полициянын күзөт кызматынын офицери Фала Хасандын айтышынча:

- Алар жумуш сурашууда. Алар эки автомобилди өрттөп жиберишти жана биздин бухгалтерибизди жарадар кылышты.

Жумушсуздар бизге июль айында полицияга ишке алынасыңар деп убада кылынган, бирок ишке орношуу үчүн полиция бийликтери пара талап кылышууда деген нааразылыгын айтышты.
Түндүктөгү Мосул шаарында да жумушу жок адамдардын чоң тобу жергиликтүү өкмөттүн алдына чогулуп, иш берүүнү талап кылып кылышканда, полиция аларды ок атып таркатты.
Эл аралык уюмдардын эсеби боюнча, Иракта калктын 50 процентке жакыны жумушсуз болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG